Билими:
2012-2017 — Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-архитектор бөлүмүнөн билим алган;
"Боец" спорттук клубунун тарбияланучусу, машыктыруучусу Эмил Токтогонов. Каймана аты — "Карышкыр". Бою — 170 сантиметр, салмагы 57 килограмм.
Спорттук жетишкендиктери:
Аралаш мушташтын вале-тудо версиясы боюнча КРдин үч жолку чемпиону;
2015 — грэпплингдин NAGA версиясы боюнча КРдин чемпиону;
2016-2017 — аралаш мушташ боюнча "Ормон-Хан" кубогунун жеңүүчүсү;
2016 — бразилиялык жана япониялык жиу-житсу боюнча КРдин чемпиону;
2016 — Кулатуу эр таймаш боюнча WEF ProfFight 9, WEF Selection 2, WEF ProfFight 2 турнирлеринин жеңүүчүсү;
Эрежесиз уруш боюнча Nomad Fights мелдешин үч жолу уткан;
2017 — Кулатуу эр таймаш WEF ProfFight 12, WEF Global 7, WEF Global 9 (чемпион) турнирлеринин жеңүүчүсү;
Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча коло медаль;
Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 7-0-0 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу — ред).
Бойдок.