Радио

Асангулова: кыргызда эч убакта баш кийимди белек кылган эмес

Дизайнер Айдай Асангулова синтетикалык калпактар өлкөдө гана тигилерин айтты
Sputnik
Асангулова: кыргызда эч убакта баш кийимди белек кылган эмес

Кыргызда эч убакта баш кийимди белек кылган эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Айдай Асангулова маек маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда калпактын баркы түшүп кетти.

"Кыргыз эли эзелтен баш кийимге өзгөчө маани берип келген. Аны ардактап, даңазалап кийишибиз керек. Калпакты негизи энелер балдарына, жубайлары жолдошуна атап, жасап беришкен. Кийин гана бул бизнеске айланды. Аны менен катар көп көйгөйлөр пайда болду. Учурда кенен сатылып жаткан калпактар кытайдан тигилип келип жаткан жок. Аны ошол кытайдан келген синтетикалык материалды алып эле өзүбүздө тигип, эч кандай маани-маңызы жок компютердик оймолорду түшүрүүдө. Анан 50-60 сомдон сатылып, элибизде сувенир катары белекке берген адатка айланды", — деди Асангулова.

Ошондой эле Асангулова сунушталып жаткан "калпакты башка жактан импорттоого тыюу салуу" мыйзамын колдой тургандыгын билдирди.