Жээнбеков ИИМ башчысына погончон "кубулмалардан" арылууну тапшырды

Өлкө башчы эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн социологиялык изилдөөлөрдүн тыянагы ИИМ коррупцияга малынганын көрсөттү деп белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алганы президенттин сайтына жарыяланды.

Жолугушуу учурунда ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөш талкууланган.

"Президент милициянын формасына жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, атүгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланыштуу кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден арылуу боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Мындан тышкары, мамлекет башчысы ички иштер органдарын реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгарууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчы эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн социологиялык изилдөөлөрдүн тыянагы ИИМ коорупция боюнча алдыңкы орунда турарын көрсөткөнүн белгилеген. Ал ошондой эле погончон "кубулмалардан" арылып, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

Буга чейин ИИМдин пенсионери 8 килограмм гашиш менен кармалган.