БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында тамактан ууланып Оштогу облустар аралык ооруканада дарыланып жаткан жети баланын бири 17-февралда каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
19-февралга карата 13 киши стационардык негизде дарыланып жатса, 8 чоң киши Кара-Суудагы аймактык ооруканада. Экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө, калган алтоонун абалы туруктуу.
"Төрт бала Ош шаардык балдар ооруканасында дарыланууда. Абалы орто, бирок туруктуу. Бир бала оор абалда Оштогу облустар аралык балдар ооруканасына жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.
Бардык бейтаптарга керектүү жардам берилүүдө. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгат.
Буга чейин кайсы убактарда ойлонбостон тез жардам чакыруу керектигин тизмектегенбиз.