Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович — өмүр баяны

Дүйшөн Төрөкулов 1981–жылы 18-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Октябрь айылында төрөлгөн.
Sputnik

Билими:

  • 2009 — Баткен облусундагы Экономика, технология жана укук институтунун педагогикалык факультетин аяктаган;
  • 2012 — Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2000 — Кара-Суу шаарындагы "Кыргыз соода биримдиги" ишканасынын текшерүүчүсү, коопсуздук кызматта иштеген;
  • 2003-2007 — жеке ишкер;
  • 2007-2009 — "Лизарленд" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
  • 2009-2012 — Баткен бажысынын инспектору.
  • 2012 — Ош бажысынын ага инспектору;
  • 2012 — Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы;
  • 2016-жылдан баштап "Ак-Ордо" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • 01.2017 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир Бол" саясий партиясынан депутат.

Сыйлыктары:

  • 2011 — КР Бажы кызматынын 20 жылдык мааракесине арналган медаль;
  • Ош шаарынын мэриясынын, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамоталары;

Башка маалымат:

  • Түштүк регионалдык эр күрөш федерациясынын төрагасы.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.