Кыргызстандык жаш режиссерлор Стамбулда өткөн кинофестивалда сыйланышты

Кинофестиваль 18-февралда өтүп, ага 175 кыска метраждуу тасма катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында 4-жолу уюштурулган "Пайгамбарларга рахмат" аттуу эл аралык кино фестивалда кыргызстандык үч режиссер байгелүү кайтты. Бул тууралуу жаш режиссерлордун мугалими Стамбулбек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бишкекте Индия маданиятынын фестивалы өтөт
Анын айтымында, аталган фестиваль кечээ, 18-февралда болуп өткөн. Анда 175 кыска метраждуу тасманын арасынан кыргызстандык режиссерлор Аскар Нуракун уулу "Тасмага болгон сүйүү" эмгеги менен "Демөөрчүнүн атайын сыйлыгы", Мээрим Догдурбекова "Бакыт" тасмасы менен "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" татыды. Ал эми Салтанат Зарнаева "Үй" аттуу киносу менен 3-орунду ээледи.

Бул жылы "Сулуулукту даңазалаган сөздөр" темасы боюнча тасмалар кабыл алынса, эмки жылы "Бир туугандык" темасында уюштурулаары айтылды.

Эске салсак, өткөн жылы бул фестивалда кыргызстандык режиссер Касиет Кубанычбекова баш байгеге ээ болуп, жети миң доллар акчалай сыйлык алган.