БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Рулда бара жатып планшеттен видео көргөн маршрутканын айдоочусу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"ЖМКларга айдоочу рулда бара жатып, планшеттен ролик көргөн видео жарыяланган. Мындан улам Шаардык транспорт башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүздү. Жыйынтыгында "Восточный экспресс" фирмасынын айдоочу Эсенбек Тиленчиев кызматтан кетирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 16-февраль күнү кечки саат жетилер чамасында №204 маршрутканын айдоочусу жүргүнчүлөрдүн нааразы болгонуна карабай, рулда бара жатып бир нече мүнөт бою планшеттен видео көргөн.
Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан айдоочу кармалып, эркертүүдөн тышкары 200 сом айып төлөгөнүн билдиришкен. Айдоочу өзү видео аркылуу элден кечирим сураган.