Сицилияда 10 жашар кызын сойкулукка мажбурлаган ата-эне камалды. Чоо-жайы

Ушу тапта кыз менен психологдор иштеп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Сицилияда 10 жашар кызын сойкулукка мажбурлаган ата-эне камакка алынганын РИА Новости Палермо шаарынын тартип сакчыларына таянуу менен жазып чыкты. 

Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Ата-эне менен кошо кыз менен жыныстык катнашка барган эки эркек киши да кармалган.

Иликтөө иштери 2017-жылдын жай айларында, тартип сакчылары жол боюндагы унаада улгайып калган киши менен секелектин отурганын байкап калгандан кийин башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 61 жана 78 жаштагы эки эркек киши кыздын ата-энесине акча төлөп, бир нече ирет катнашка баргандыгы аныкталды.

"Жолугушууларды кыздын энеси уюштуруп, секелекти 9 евродон 25 еврого чейин баалап келген. Айрым учурда аял кызынын көзүнчө эле жыныстык катнаштарга барган. Үй ээси мунун баары билип туруп, кыздын кордолушуна тоскоол болгон эмес", — деп айтышкан укук коргоо органдары.

Окуянын төрт күнөкөрү тең үй камагына алынды. Ушу тапта кыз менен психологдор иштеп жатат.