"Кыргызстан" фракциясы Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы боюнча үн катты

Дамирбек Асылбек уулу активдүү депутат гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстандын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келгени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы боюнча "Кыргызстан" фракциясы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан окуя "Кыргызстан" фракциясы үчүн күтүүсүз болгон. Мындан улам фракция чукул жыйын өткөргөн.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок. Парламенттик фракция Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетенттүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз", — деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө.

ТИМ: Казакстанда кыргызстандык депутаттан башка дагы эки жаран кармалды
Ошондой эле Дамирбек Асылбек уулу "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстандын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келген. Ал аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн жигердүү депутат деп сыпатталат.

Буга чейин маалымдалгандай, 15-16-февралда Казакстанда ири атайын операция өтүп, 29 киши кармалган. Алардын арасында бажычылар, далдалчылар, ортомчулар, криминал жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен Кыргызстандын төрт жараны болгон. Кийинчерээк кармалгандардын арасында депутат Дамирбек Асылбек уулу бар экени тастыкталган.

Бул боюнча бүгүн, 19-февралда, Башкы прокуратура Казакстандын Башкы прокуратурасына сурам жиберген.