Радио

Султамбаев: Азия чемпионатынын катышуучулары 24-февралдан тарта келе баштайт

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, күрөш боюнча Азия биринчилиги 27-февралдан 4-мартка чейин өтөт.
Sputnik
Султамбаев: Азия чемпионатынын катышуучулары 24-февралдан тарта келе баштайт

Азия чемпионатына катышуучу командалар 24-февралдан тарта Бишкекке келе баштайт. Бул тууралуу Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда күрөш боюнча Азия биринчилигине даярдык кызуу жүрүүдө.

"Өлкөгө келген спортчуларды "Ак кеме" мейманканасына жайгаштырабыз. Анткени бир жол менен келип, кетет. Калыстар тобу менен уюштуруучулар өз-өзүнчө жайгашышы керек. Андыктан спорт ордосунун жака белинен да мейманкана карап жатабыз", — деди Султамбаев.

Ал айрым командалар окуу машыгууларын Кыргызстанда өткөрөрүн кошумчалады.