Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы иштен алынды

Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы кол койгон
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков: коррупциядан арылуу аракеттери коом күткөн натыйжага жете элек
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Чоткараев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ал 2016-жылдын ноябрынан бери Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгын аркалаган.

Февраль айынын башында Улуттук коопсуздук кеңештин жыйынында президент Жээнбеков күч түзүмдөрүндөгү коррупция менен күрөшүү эл каалаган деңгээлге жетпей жатканын айткан.