Дагестанда чыккан ок, бөкчөңдөп чуркаган кемпир, ок жеп жыгылган аял. Видео

Видеодо тарсылдап атылган мылтыктын үнүн, калтаарып араң сүйлөгөн аялдардын Тез жардам кызматын чакырып жатканын угууга болот. Видеону РИА Новости сайтына жайгаштырды.
Sputnik

18-февралда 22 жаштагы Халил Халилов аңчылык кылган мылтык менен Кизляр шаарында масленица майрамында чиркөөдө улгайган беш аялды атып өлтүрүп, төрт кишини жарадар кылган. 

На видео попала стрельба по народу на Масленице в Дагестане

Жаракат алгандардын арасында тартип сактоо органдарынын өкүлдөрү бар. Ал эми кол салган кылмышкер ошол жерден Росгвардиянын кызматкерлери тарабынан жок кылынган.