"Чычкан" суусуна бензовоз кулап толугу менен күйүп кетти

Күйүп кеткен унаада 35 тонна бензин болгон
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Күйүүчү май ташыган Reno үлгүсүндөгү унаа "Чычкан" суусуна кулап толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 238-чакырымында 19-февраль күнү саат 11:00дө болгон.

1 / 2
Күйүүчү май ташыган Reno үлгүсүндөгү унаа "Чычкан" суусуна кулап толугу менен күйүп кетти
2 / 2
Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 238-чакырымында 19-февраль күнү саат 11:00дө болгон.

"Айдоочу рулду башкара албай калгандыктан унаа "Чычкан" суусуна түшүп толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркап Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 35 тонна бензин болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу тартылган.