БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаада индия маданиятынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргызстандагы Индиянын ден соолукту чыңдоочу жана окутуу борборунан кабарлашты.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара 25-февралда "Достук" мейманканасында өтөт.
"Бул күнү каалоочуларга индия бийи жана ырлары үйрөтүлөт. Ошондой эле туура тамактануу, йога боюнча да атайын сабактар өтүлөт", — деп уюштуруучулар билдиришти.
Фестиваль 10:00дөн 14:00гө чейин уланат. Кирүү акысыз.
Буга чейин аталган борбор англис тилин акысыз үйрөтө турганын жарыялаган.