Шадиев: быйылкы жыл үчүн Бишкек ТЭЦин оңдоого 730 млн. сом каралган

Өкмөт бул каражатты табууга бардык аракеттерди көрөт
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев быйыл Бишкек ТЭЦин оңдоого 730 миллион сом каралганын мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражат былтыр эле атайын планган киргизилген.

Ал өз сөзүндө эгер Бишкек ТЭЦтин кызматкерлери маалында тийиштүү аракеттерди көрбөгөндө шаардын жарымы тоңуп калмактыгын айтты. Суук күндөрү электр энергиясын колдонуу 180 пайызга көп болгон.

Шадиев өз сөзүндө 2017-жылы ТЭЦти капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана күнүмдүк оңдоо иштерине 400 миллион сом каралганын белгиледи.

"Быйыл ТЭЦти капиталдык жана күнүмдүк оңдоо иштеринен өткөрүү үчүн керектелген 730 миллион сомду өкмөт табууга аракет кылат. Андан башка айла жок", — деди биринчи вице-премьер.

Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү
Ошондой эле Шадиев 2018-жылга карата пландар бекитилгенин, казан, мештер, турбиналык цехтер оңдолорун. Ал эми 1-июлга чейин импульстук куурларды жылуулоо аракеттери аякташы керектигин айтты. План боюнча химиялык тазалоо цехин оңдоо, өрт коопсуздугун камсыздоо жагы да эске алынарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-январында көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келген.

Бишкек ТЭЦтиндеги авариянын болжолдуу себеби айтылды.