Апта ирмеми: жүрөк түшүргөн карнавалдан көз айнекчен итке чейин

Sputnik

Космонавттар эмнеге күбө болушат? Космостон тартылган 11 сүрөт
Бишкекти акыркы күндөрү туман тез-тез каптай турган болду. Бразилияда өткөн карнавалда бутунан тиштер арсайып чыгып турган, дээрлик жылыңачтанган бийчилерди көрүүгө болот.

АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектептеги атышуудан 17 киши каза тапты. Адам өмүрүн алган 19 жаштагы Николас Круз аттуу бала экен.

Лимадагы зоопаркта башкача бир маймыл бар.

1 / 19
Тумандуу Альбион эмес, бул Бишкек! 15-февралда башталып, кар жаап, кеч курун туман басты
2 / 19
Эми бир укмуш! Бразилияда жылына өтүп келген карнавал болуп, аны миңдеген адамдар адаттагыдай эле кызыгуу менен көрдү
3 / 19
АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарынын мектебиндеги атышуудан 17 киши каза тапты. Билим берүү мекемесинде 14-18 жаш арасында үч миң окуучу болгон. Адам канына забын болгон 19 жаштагы Николас Круз тартиби жаман болгону үчүн мурда мектептен чыгарылганы айтылды
4 / 19
Түндүк кореялык оркестр Ганьнундагы Олимпиада паркында болгон. Түндүк Корея
5 / 19
Куткаруучулар Никласдорфтогу (Австрия) эки поезд кагышкан жерде иштеп жатат. Кырсык бир кишинин өмүрүн алып, 22 адамды жарадар кылган
6 / 19
Лиманын зоопаркындагы маймыл. Сырткы кебетеси, тагыраагы, ак жүндөрү үчүн кечил деген каймана атка ээ болгон
7 / 19
Жеңиш жолу менен Ленинградга келген биринчи поезд реконструкциядан кийин
8 / 19
Римде Ливио Андронико көчөсүндө автоунаа токтоткон жердин 15 метрдей аймагы көчүп түшкөн. Шаар прокуратурасы бул боюнча иш козгоду
9 / 19
Көңүлдү, мээни эс салдыра турган жер. Түндүк Ирландиянын Белфастындагы парламентке караган жер
10 / 19
Жаз майрамында концерттеги кытайлык бийчилер (Индия)
11 / 19
Көз айнекчен ит жана кайрымдуулук челеги. Аял сепилдин жанындагы кайрымдуулук челегине акча таштап жатат. (Камбоджа)
12 / 19
Ыйык Валентин күнү. (Индия)
13 / 19
Түштүк Африканын жаңы президенти Сирил Рамафоса ант берип жатып, күлүп жиберди
14 / 19
Апельсин менен чабышуу. Эгерде Бишкекте болгондо, балким минтип ыргытышмак эмес. Салтка айланган майрам. (Италия)
15 / 19
Прагадагы жыл сайын өтүүчү карнавалдын башталышын күткөн балдар
16 / 19
Нью-Йоркто өткөн иттердин көргөзмөсү
17 / 19
Мода, мода жана мода. Нью-Йоркто өткөн иш-чара
18 / 19
Бурчтан чыга калса, чочуп кетчүдөйсүң. Азыркы замандын карнавалдарынын бири. (Колумбия)
19 / 19
Улуу отту тегеректей... Будда храмы уюштурган жаңы жылдык майрам. Санкт-Петербург шаары