Аскадан кулаган литвалык альпинисттин сөөгү Бишкекке алып келинди

Бүгүн саат 11.20да тик учак Бишкек шаарына конуп, сөөк "Черный лотос" аза агенттигине өткөрүп берилди
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунун Ала-Арча коругундагы "Свободная Корея" аскасынан кулап каза тапкан литвалык альпинист Сайкаускас Салиюстун сөөгү Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жүрөк түшөт! Альпинисттерди көчкү басып калганы видеого түшүп калган
Маалыматка ылайык, кырсык 15-февраль күнү болгон. Эки литвалык турист аскадан кулап, анын бири Кейсак Крупский Алис бутун кокустатып алган. ӨКМдин маалыматына караганда, ал ошол эле күнү табылган. Жерге тик учак менен түшүрүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда.

Чет элдик жаранды издөөгө 7 куткаруучу жана тик учак тартылып, сөөк 18-февраль күнү саат 13.30 да табылган. Бүгүн саат 11.20да тик учак Бишкек шаарына конуп, сөөк "Черный лотос" аза агенттигине өткөрүп берилди.

Былтыр да Сары-Челекке барып, тоодон кулап кеткен израилдик турист кыз Хилла Ливненин сөөгү алты күндөн кийин табылган.