Тиллаев Таабалды Гапырович — өмүр баяны

Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.
Sputnik

Билими:

  • 2005 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1995 — Бишкек шаарындагы "Датка" жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер;
  • 1999-2000 — "Торговый дом качества" жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;
  • 2001-2003 — Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2003-2007 — Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.
  • 2012-2013 — "КыргызНефтьПром" жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор;
  • 2013-2014 — "ГлавНефтеГаз" жабык акционердик коомунун башкы директору;
  • 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.