ТИМ: Казакстанда кыргызстандык депутаттан башка дагы эки жаран кармалды

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган эки жарандын бирөө КР Жогорку Кеңешинин депутаты экенин тастыктаган
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. КР Тышкы иштер министрлиги 15-февралда Казакстандын аймагынан дагы эки кыргызстандык кармалганын билдирди.

Бишкекте ИИМдин пенсионери 8 кг баңгизаты менен кармалды. Сүрөт
Буга чейин маалымдалгандай, Казакстанда ири атайын операция өтүп, 29 киши кармалган. Алардын арасында бажычылар, далдалчылар, ортомчулар, криминал жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен Кыргызстандын эки жараны болгон.

Кийин КР Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нота жөнөткөн.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган эки жарандын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин тастыктаган.

КР Тышкы иштер министрлиги казак кесиптештеринен Кыргызстандын төрт жараны кармалганы боюнча маалымат берген. Министрлик Казакстандын компетенттүү органдары менен кармалгандар боюнча тийиштүү аракеттерди көрүп жатат.