Өз бүлөңөрдү билгилечи... Кайнеже, кайын сиңди кыжырды кайнатканда

Кайын сиңди же кайнеженин бары жакшы. Көңүл төп келсе сырдашасың, таламыңды талашат. Бирок оокатка, жашооңо кийлигишип эки элди эриктирбегендерге туш болуп калсаң шоруңдун катканы.
Sputnik

Кандай кайнеже, кайын сиңдилер башты оорутуп, кыжырга тиет? Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

Жөнү жок кийлигишкендер. Өздөрү эбак турмушка чыккан, очор-бачарлуу. Келиндик жашоону эң сонун билет. Ага болбой эле келини же жеңеси эмне кылып жатканын аңдып, кайненеден бетер бардык ишке кийлигишип, тийишкендер да болот.

Сөз ташыбай, төш ташы! Келиндер кыжырды кайнатканда
Сыйды түшүнбөгөндөр. Келин деле бирөөнүн көзгө басар перзенти. Бүлө болуп, ага-иниңизди, ата-энеңизди багып, сиз келгенде берээрге ашын таппай карбаластап калып атат го. Ошол сыйды түшүнүү керек. Сизге каяша айтпаса, тил кайырбаса "сөз билбейт экен" деп ойлобоңуз.

Аңдыгандар. Байкесинин үйүндө туруп жөн жашабай жеңесинин ар бир баскан кадамын текшерип, аңдып, анан да ата-энесине ийне-жибине чейин жеткирген кайын сиңдилер аман эле болсун. Эмне пайда табат, таң каласың.

Төшөгү жыйылбагандар. Турмушка чыкса деле бир нерсе жоготуп алгансып бала-бакырасын самсаалатып ээрчитип алып үйгө келе беришет. Жөн келип кетсе жакшы да. Уруштуруп, чабыштырып кетип калганда… О кудай, сабырдуу кыла көр!

Өтө тыңдар. Артыңдан жыйнап, таптаза болгондор да жага бербейт. Кайнене бүтүп алар калгансып, "антип жасаба, минтпе" деп буйрук бере баштаганда жаның кашаят.

Кайын сиңди менен кайнеженики да жакшыраак эмеспи, очогу бөлөк. Кайнене кыжырды кайнатканда…