Иранда кулаган учак. Кырсыктын чоо-жайы

Учактын ичинде 66 адам болгон, арасында наристе да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Иранда жүргүнчү ташыган учак тоого урунуп кырсыктаган. Бул тууралуу РИА Новости Mehr агенттигине таянып кабарлады.

Aseman Airlines авиакомпаниясынын расмий өкүлү Мохаммад Таги Табатабаинин айтымында, ATR 72 учагы саат 8:52де радардан жоголуп кеткен. Издөө иштеринин жыйынтыгында аба кемеси Дена тоосунун түбүнөн табылган.

"Учак ичинде 66 адам болгон. Алардын 60ы жүргүнчү эле, арасында наристе да бар экени маалым болду. Ал эми экипажда учкуч, жардамчысы, эки борт коштоочу жана учкучтун коопсуздугу үчүн жооп берген эки кызматкер болгон. Кырсыктан аман калгандар жок", — деп жазылат маалыматта.

Ан-148 учагынын Подмосковьеге кулаган учуру камерага түшүп калган. Видео
Mehr агенттиги билдиргендей, кулаган учакка 20 жыл болгон. Ал эми Press TV телекомпаниясынын маалыматына ылайык, аба кемеси алгачкы ишин 24 жыл 4 ай мурун баштаган.

Учурдагы аба ырайынын катаалдыгы адистердин ишине тоскоолдук жаратууда. Ага карабай кырсык болгон жерде издөө иштери уланып жатат.

Эске салсак, жүргүнчү ташыган учак 18-февралда Ирандын Семиром шаарында кулаган.