Сууга чөкпөгөн, абада калкыган... Дүйнөдөгү уникалдуу көпүрөлөр

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөдөгү түрдүү көпүрөлөрдүн сүрөттөрүн сунуштайт.

1 / 10
Улуу Британиянын Ньюкастл шаарындагы Гейтсхид Миллениум көпүрөсү 2002-жылы ачылган
2 / 10
Москвадагы бул көпүрө 2007-жылы ачылган. Ал Европадагы асылып турган эң бийик көпүрө болуп саналат. Узундугу 1,5 чакырым, туурасы 40 метр
3 / 10
Москвадагы Чоң таш көпүрө, XVII кылымда салынган. Ал шаардагы эң биринчи көпүрөлөрдөн
4 / 10
Россиянын борборундагы Крым көпүрөсү 1938-жылы ачылган
5 / 10
Сингапурдагы Толкун көпүрө. Ал өзүнүн формасынан улам ушундай аталып калган
6 / 10
Нидерландыдагы "учкан" көпүрө. Адаттан тыш бул көпүрө суу транспорту менен автоунаалардын өтүшүн камсыздайт
7 / 10
Франциядагы Мийо көпүрөсү. Ал автоунаа үчүн курулган эң бийик көпүрө катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Бийиктиги 342 метрге жеткен көпүрө 400 миллион еврого курулган. Кеткен каражатты актоо үчүн көпүрдөн өтүү үчүн акча төлөнөт
8 / 10
Нидерландынын Хальстерен шаарындагы бул көпүрө башкалардан өзгөчөлөнүп, суу эки тарабынан тосуп турат. 2011-жылы мыкты долбоор аталган
9 / 10
Колорадо штатындагы Арканзас дарыясына курулган асма көпүрө. Бул жактан жөө адамдар гана өтөт. Узундугу 366, бийиктиги 321 метрди түзөт
10 / 10
Shiniuzhai деген айнек көпүрө Кытайда курулган. Бул жерден жүрөгү тоо, өзүн баатырмын деп эсептегендер гана өтө алат.