Казакстандын ТИМи депутат Дамирбек Асылбек уулу кармалганын тастыктады

Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Атайын операция учурунда Казакстанда кармалган эки жарандын бирөө ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени тастыкталды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Казакстындын ТИМине таянуу менен билдирди.

Депутат Асылбек уулу Дамирбек

16-февралда Тышкы иштер министрлигине ыкчам түрдө Казакстандын консулу Ерлан Абишев чакыртылып Кыргызстандын эки жараны кармалганын тастыктоо боюнча нотаны тапшырган. 

“17-февралда Кыргызстандын эки жаранын кармалышы, анын ичинде Дамирбек Асылбек уулу боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкектин нотасына жооп кайтарды”, — деп билдирген Казакстандын ТИМинин маалымат катчысы Ануар Жайнаков. 

Буга чейин 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзгөн. Натыйжада 29 адам колго түшүп, алардын экөө кыргызстандык экени айтылган.