Дагестанда масленица майрамы учурунда ок атуудан беш адам каза тапты

Ок чыгарган кылмышкер буга чейин Дагестандын укук коргоо органдарынын каттоосунда турган эмес
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. – Sputnik. Дагестанда масленица майрамы белгиленип жаткан учурда белгисиз адам ок чыгарып беш адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги шаардык администрацияга шилтеме берип жазып чыкты.  

Окуя бүгүн, 18-февралда Кизляр шаарында болгон. Анын кесепетинен төрт адам мүрт кетип, төртөө жарадар болгон. Ал эми кол салган адам ошол жерден полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Жаракат алгандардын арасында полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери бар. 

“Оорукандан дагы бир аял көз жумду. Ошентип өлгөндөрдүн саны бешке жетти. Алардын баары аялдар”, — деп агенттиктин маектеши билдирген. 

Ок чыгарган кылмышкер буга чейин Дагестандын укук коргоо органдарынын каттоосунда турган эмес. Ошондой эле эч кандай радикалдык уюмдардын мүчөсү эместиги такталган. Ал 1995-жылкы жергиликтүү тургун болуп чыккан. 

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.