Ала-Арчадан чет элдик жарандын сөөгү табылды

Чет элдик альпинистти куткаруучулар үч сутка издеген
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. – Sputnik. Ала-Арча капчыгайындагы аскадан кулап түшкөн чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жүрөк түшөт! Альпинисттерди көчкү басып калганы видеого түшүп калган
15-февралда эки литвалык турист аскадан кулаган. Алардын бири Кейсак Крупский Алис бутун кокустатып алган. ӨКМдин маалыматына караганда, ал ошол эле күнү табылган. Жерге тик учак менен түшүрүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда. 

Ал эми экинчи альпинист Сайкаускаса Салиюсаны жети куткаруучу үч сутка издеген. Натыйжада 18-февраль күнү саат 13.30да сөөгү табылды.