Депутат Дамир Асылбек уулу Казакстанда кармалдыбы? ТИМ жана кесиптештери эмне дейт

Казакстанда 15-16-февраль күндөрү атайын операциянын алкагында 29 адам кармалган
Sputnik

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Казакстандын күч органдары чек ара аймактарында контрабанда менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн жүргүзгөн атайын ири операцияда кармалган эки кыргызстандыктын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин айрым ЖМКлар жазышууда.

Сирияда жанкечтинин атайын курсунан өткөн кыргызстандык кармалды
Белгилей кетсек, атайын операция 15-16-февраль аралыгында Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустары менен Алматы шаарында жүргүзүлгөн. Натыйжада 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, криминал өкүлдөрү жана эки Кыргызстандын жараны болгону айтылат.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги тактап жатканын билдирди.

"16-февралда ыкчам түрдө Казакстандын консулу Ерлан Абишев министрликке чакыртылып Кыргызстандын эки жараны кармалганын тастыктоо же төгүндөө, ошондой эле тастыкталса ким экенин аныктап, эмненин негизинде кармалганы боюнча маалымат алуу үчүн ТИМдин нотасы тапшырылды. Казакстан тараптан маалымат күтүп жатабыз", — деп билдирди маалымат кызмат. 

Кыргызстандын министрлиги жана дипөкүлчүлүгү бул маселени көзөмөлүнө алган.

Ал эми "Кырызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов кесиптешинин телефонун өчүк болуп жатканын айтты.

"Байланышка чыкпай жатат. Фракция лидери Алмазбек Батырбеков бул боюнча кабары жоктугун айтты. Азырынча эч нерсе дей албайм. Ал Казакстанда жүргөн же жүрбөгөнүн билбейт экенмин", — деди Эргешов.

Өткөн жумада УКМК Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысын эки миллион сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып алуу фактысы менен кармаган.