Ысык-Көлгө бел кырчоодон кар жаады. Сүрөт

№4 жол тейлөө мекемесинин башчысы Канат Кыдырбаевдин айтымында, Түптө түнү менен тынбай кар жааган
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 16-фев. — Sputnik. 15-февралда түнү менен жааган кардын калыңдыгы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан Ананьево айылына чейин 15-20 сантиметр болсо, Түптө 20-30, Сары-Тологойдо 40 сантиметр, Сан-Таш айылында жарым метрге жетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

1 / 3
15-февралда түнү менен жааган кардын калыңдыгы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан Ананьево айылына чейин 15-20 сантиметр болсо, Түптө 20-30, Сары-Тологойдо 40 сантиметр, Сан-Таш айылында жарым метрге жетти
2 / 3
№4 жол тейлөө мекемесинин башчысы Канат Кыдырбаевдин айтымында, Түптө түнү менен тынбай жааган кар тазаланган жолду кайра жаап калып жатат
3 / 3
Мындан сырткары, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда, Түп районунун Сан-Таш айылында азыр кардын калыңдыгы жарым метрге жетти.

№4 жол тейлөө мекемесинин башчысы Канат Кыдырбаевдин айтымында, Түптө түнү менен тынбай жааган кар тазаланган жолду кайра жаап калып жатат.

"Тазалоо иштери түнү менен жүргүзүлдү. Кар азыр дагы жаап жатат", — деди ал.

Мындан сырткары, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда, Түп районунун Сан-Таш айылында азыр кардын калыңдыгы жарым метрге жетти. Ага карабастан учурда бардык жерде жол ачык.

Дем алыш күндөрү да өлкө аймагында кар жаай турганы айтылды.