Өлкөдөгү паракорчулук гүлдөгөн мамлекеттик мекемелер. Рейтинг

Жарандардын пикири боюнча бажы, укук коргоо жана салык органдарында паракорчулук аябай көп. Ошондой эле медицина жана жаза аткаруу системасы да паракорлукка баткан
Sputnik

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Февраль айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупциянын деңгээли укук коргоо, сот тармагында дагы деле болсо жогору экенин баса белгилеген. Коррупция менен күрөшүү ойдогудай болбой жатканын да айткан.

Кайсы аймак коррупцияга көбүрөөк малынган? Жемкорлукка каршы иштечү сайт ачылды
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандардын пикири боюнча кайсы министрликте паракорчулук гүлдөгөнүн, кайсы мекеме өз ишин мыкты аткарары боюнча инфографика даярдады. Маалыматтар Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын эки жарым жылдыгында даярдаган коомдун ишенүү индексинен алынды.

Эскертсек, индекс +100 упайдан -100 упайга чейин өлчөнөт. Андыктан айрым мекемелердин көрсөткүчү минус менен белгиленген. Иликтөө учурунда бир да мамлекеттик орган 50 упайдан жогору алган жок. Инфографикага жергиликтүү башкаруу органдары кошулган эмес.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча бажы, укук коргоо, салык, медицина жана жаза аткаруу системасында паракорчулук гүлдөп жатат.

Ал эми жарандар паракорчулук салыштырмалуу аз деген мекемелер: ӨКМ, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Маалымат технологиялары мамлекеттик комитети, Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мамлекеттик агенттиги.

Ал эми жасаган ишинин сапаты боюнча алганда ошол эле мекемелер эң жакшыга да, эң начарына дагы туура келген.

Дүйнө жүзүндөгү паракорчулуктун деңгээли кандай экенин Transparency International уюму иликтеп көргөн.