Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич — өмүр баяны

Умбеталы Кыдыралиев 1967-жылы 16-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таш-Көмүр шаарында туулган.
Sputnik

Билими:

1990 — Украинадагы Луцк мамлекеттик университетин аяктаган;

1995 — Кыргыз мамлекеттик университетинен "юриспруденция" адистиги боюнча билим алган;

2005 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынан "Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

1991 — "Капитал" коммерциялык уюмунун директору;

1996 — "Бишкек-Тамекиси" АКтын башкаруучулугунун төрага орун басары;

1998-2004 — "Капитал-Контракт" ЖЧКнын башкы директору;

2000 — Кыргызстандын Улуттук бокс федерациясынын президенти;

2004-2005 — КР курамаларын олимпиадага даярдоо борборунун директору;

2005 — КР Туризм, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик комитетинин төрага орун басары;

2005-2006 — Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары;

2004 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

2006-2010 — Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу;

2011-2012 — Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;

2015-2021 — КР Жогорку Кеӊешинин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат. Парламенттеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидеринин орун басары;

10.08.2021  — "Кыргыз алтын" АККнын башкаруучулугунун төрагасы. 

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.