Каалагандар үчүн хоккейди бекер үйрөтөбүз. Бул тууралуу Ырысбек Мааткабылов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кышкы спортко көңүл бурула баштаганына 2-3 эле жыл болду.
"Учурда Бишкек шаарында үч хоккей аянтчасы бар. Ал жерлерде бизге караштуу машыктыруучулар иштешет. Каалагандар барып жазылса болот, акысыз үйрөтүшөт. Бул бөлүм былтыр эле ачылды", — деди Мааткабылов.
Ал учурда хоккейге кызыгуу абдан күчөп жатканын кошумчалады.