БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кобе университетинин окумуштуулары Япониянын жээктеринен 34 куб чакырымдык магманы камтыган ири эбегейсиз жанар тоону тапты. Эгерде ал атылса 100 миллион адамдын өмүрүн алып кетүү кооптуулугу айтылууда. Бул туурасында РИА Новости Scientific repots журналына шилтеме берип кабарлады.
Деңиздин түбүн иликтеп чыккандан кийин адистер купол улам чоңоюп бара жаткандыгын байкашкан. Окумуштуулар эгерде бул атылса, Кытай, Түндүк жана Түштүк Американын жээгине жеткен цунамини пайда кылат дешүүдө.
Мындан сырткары, абага Япониянын бир катар аймактарында "вулкан кышын" жарата турган чаң чыгып, каптайт деген божомол айтылды.
Былтыр NASA изилдөө борборунун окумуштуулары ири жанар тоолор үчүнчү дүйнөлүк согуштан да кооптуу деген маалыматты айтышкан.