БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Улуттук банк эки уюлдук оператордун мобилдик капчыктарына каражатты бирдик аркылуу жүктөөгө тыюу салды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Sky Mobile" ЖЧКсынан кабарлашты.
Механизм төмөнкүчө болчу — операторлор электрондук капчыктарды банктар менен биргеликте түзүшкөн. Ошол капчыктарга банк же уюлдук аппараттагы бирдик менен каражат жүктөөгө мүмкүн болчу.
Бирок "Sky Mobile" ЖЧКсынан (Beeline соода маркасы) билдиришкендей, Улуттук банк компания менен өнөктөш банкка Balance.kg капчыгын абоненттин уюлдук аппаратындагы бирдик аркылуу толтурууга тыюу салуу боюнча буйругун жиберген.
"Мындай көрүнүш мобилдик капчыктарды өнүктүрүү жолундагы бөгөт болуп саналат. Эми бул капчыктарга каражатты бир гана банктан салууга болот. Улуттук банктын Balance.kg менен MegaPay капчыктарына тыюу салып, бирок О!Деньги капчыгына уруксат бергени таң калтырат", — деп "Sky Mobile" ЖЧКсынан билдиришти.
Ал эми "Нур Телеком" ЖЧКсынын өкүлдөрү (О! оператору) Balance.kg менен MegaPay капчыктарынын ишине эч кандай коменттарий бере албастыгын билдиришти.
"О!Деньги" сервиси өзүнүн "Грин Телеком Сервис" аттуу өнөктөшү менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишин улантып жатат", — деп "Нур Телекомдон" маалымдашты.
Ал эми Улуттук банк расмий маалымат бир аз убакыттан кийин берилерин айтты.