Карапайым калк үстөк пайызы төмөн насыяларга жетпей жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүүдө жарандардын насыя алуусуна жакшы шарттарды түзүү керек.
"Айылдагы жарандар суранып жатат. Үстөк пайызы арзан болгон насыяларды алуу үчүн 400чү, 500чү болуп кезекке турат экен. Карапайым калк арзан насыяларга жетпей жатабыз дейт. Айыл өкмөттөргө бирдей кылып, тең бөлүп берсе жакшы болмок. Кимдин банкта таанышы, тууганы болсо ошолор алып жатат дешүүдө", — деди Жунус уулу.
Эл өкүлү бул маселеге өкмөт жакшылап көңүл бурушу керектигин кошумчалады.