Билими:
1991 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда "машыктуруучу-мугалим" адистиги боюнча билим алган;
2013 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн;
Эмгек жолу:
1988 — МПМКда бетон даярдоочу;
1988 — "Ирригатор" бакча коомчулугунда кароолчу;
1989 — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;
1992-2010 — жеке ишкерлик менен алектенген;
2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен депутат болуп келген.
2022-жыл, ноябрь — Ош шаарынын мэри.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.