Билими:
2011 — Кыргызстан-Россия Славян университетинен "Каржы жана насыя" адистиги боюнча билим алган;
2014 — КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган;
2014 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "Юриспруденция" адистигин бүтүргөн;
Эмгек жолу:
2003 — "Көк-Ойрок" Балыкчы ликер-арак заводу" ЖЧКсында;
2005-2006 — "Альфа Ширсфилд Аудит" ЖЧКнын кардарларды тартуу бөлүмүндө адис;
2006-2007 — "Альфа Маркетинг" ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө PR-менеджер;
2007-2008 — "Арвин" ЖЧКсынын сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер;
2008 — "Тар-Суу" ЖЧКсында аткаруучу директор;
2008-2011 — "Кыргыз агроазык-түлүк корпорация" ААКысында башкы директордун жардамчысы, сапаттарды сактоо жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси, тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси, маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси;
2011-2013 — "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКтын башкаруучулугунун мүчөсү, президенттин жардамчысы;
2013-2014 — "Gold King Plus" ЖЧКсынын башкы директору;
2014-2015 — Кемин цемент заводунун "ZETH Cement" ЖЧКсынын аткаруучу директору; "Шанфэн ЗЭТ Цемент" ЖЧКсынын жалпы суроолор боюнча башкы директордун орун басары;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болгон.
2018-жылдын 24-октябрынан тарта "Альфа Телеком" компаниясынын (MegaCom бренди) башкы директору.
Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.