Карамушкина: Назира Мамбетованын 70 жылдыгына карата батир берели

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина эл артисти абалы начар үйдө жашай тургандыгын айтты
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Назира Мамбетованын 70 жылдыгына карата батир берүү керектигин эл өкүлү Ирина Карамушкина парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова

Анын айтымында, эл артистинин бүгүнкү күнгө чейин өз үйү жок.

"Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова барак тибиндеги абалы начар үйдө жашайт экен. Мындай болбойт да. Маданият министрлиги эмнени карап отурат? Мен Назира Мамбетованын 70 жылдыгына карата батир берүүнү суранам. Бизде мамлекеттин жардамына муктаж болгон чыгаан инсандарыбыз арбын. Аларга көңүл бөлүшүбүз керек", — деди Карамушкина.

Ал аталган суранычын өкмөт башчы Сапар Исаковго да жолдой тургандыгын кошумчалады.