БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Санкт-Петербургда үйдүн чатырынан кулап каза болгон адамдын тек-жайы такталганын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Шаршемби күнү, 14-февралда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Таш-Курган айылында туулган Т.А.Х аттуу жаран Петербургдагы Советский көчөсүндөгү 7-үйдүн чатырынан кулап түшкөн.
"Алдын ала маалыматтар бюнча ал коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Маркумдун сөөгү Петербургдун соттук-медициналык бюросунун моргуна өткөрүлүп, туугандарына кабар берилди. Ошондой эле кандай документтер керек экени тууралуу кеп-кеңештер айтылды. Сөөктү мекенге жеткирүүдө жардам көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, дипломаттык каналдар аркылуу Санкт-Петербургдун тергөө бөлүмдөрүнө кат жөнөтүлгөн.