Икрамов Тазабек Икрамович — өмүр баяны

Тазабек Икрамов 1974-жылы 16-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеӊир айылында туулган.
Sputnik
Билими:
1996 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун "Дене тарбия мугалими" адистиги боюнча аяктаган;
2010 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1998-2000 — Кыргыз мамлекеттик дене тартбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими;
2000-2007 — жеке ишкер;
2007-2010 — "Элдик чындык" коомдук фондунун төрагасы;
2010-2011 — КР Соода жана өнөр-жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү;
2011-2012 — Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун кеӊешчиси;
2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутат.
Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.