БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкекте Ички иштер министрлигинин мурдагы жана азыркы кызматкерлери 8 килограмм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, ИИМ менен Баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү жана Ички иликтөө кызматтарынын өкүлдөрү Бишкектен Lexus GX-470 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны тинтүү учурунда салмагы 8 килограммга жеткен 11 брикет гашиш табылган. Унаанын айдоочусу ИИМдин пенсионери, милициянын отставкадагы полковниги, Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын Т.К. аттуу мурдагы кызматкери экени аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, сатуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Колго түшкөн милициянын отставкадагы полковниги №1 убактылуу кармоочу жайга бир айга, ал эми милициянын полковниги — УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле мындай көрүнүшкө жол берген деп Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги иштен алынды.