Эки күндүн ичинде Бишкекте мыйзамсыз сакталган 300дөй курал табылды. Сүрөт

Милиция 41 объектини, 4 500дөн көбүрөөк адамды текшерип, сактоо шарттары жана кайра каттатуу мөөнөтү өтүп кеткен куралдарды алып койду
Sputnik

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкекте болгон "Арсенал" рейдинде милиция 294 даана курал таап алды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рейд 12-14-февраль күндөрү өткөрүлгөн. 

1 / 4
Бишкекте болгон "Арсенал" рейдинде милиция 294 даана курал таап алды
2 / 4
Рейд 12-14-февраль күндөрү өткөрүлгөн
3 / 4
Милициянын 680 кызматкери курал кармаган 41 объектини, 2 300 ышкыбоз аңчыны жана 2 миң курал алып жүрүүгө укугу бар жарандарды текшерди
4 / 4
Мындан тышкары, сыйлыкка берилген куралдарга ээлик кылган 338 адам да куралдарын көрсөтүштү.

Милициянын 680 кызматкери курал кармаган 41 объектини, 2 300 ышкыбоз аңчыны жана 2 миң курал алып жүрүүгө укугу бар жарандарды текшерди. Мындан тышкары, сыйлыкка берилген куралдарга ээлик кылган 338 адам да куралдарын көрсөтүштү.

"Милиция менчик, кызматтык жана сыйлыкка берилген куралдардын, алардын ок дарыларынын кандай шарттарда сакталып жатканын текшерди", — деп айтылат бидирүүдө. 

Куралдардан тышкары, милиция кызматкерлери 16 898 ок даарыны алып коюшту. Бир адам өз эркин менен куралын өткөрүп берди.