Билими:
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн;
1992 — АКШ өкмөтүнүн жогорку бийликтегилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын окутууларынан өткөн;
2010 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистратурасын аяктаган.
Эмгек жолу:
1988-1992 — КР ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган;
1992-1994 — КР президентинин Күзөт кызматында ага офицер;
1994-1997 — Чүй облусунун губернаторунун жардамчысы;
1997-2000 — КР улуттук коопсуздук министрлигинин "Калкан" террорго каршы борборунун жетекчиси;
1998-1999 — АКШ өкмөтүнүн терроризмге каршы атайын окутууларынан өткөн;
2005 — КР премьер-министринин кеңешчиси;
2009-2012 — КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Бир Бол" саясий партиясынан депутат болгон. Парламенттеги Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин төрагасы.
КР Самбо федерациясынын ардактуу президенти.