Байбакпаев Экмат Журукпаевич — өмүр баяны

Экмат Байбакпаев 1959-жылы 3-ноябрда Чүй облусунун Москва районундагы Сретенка айылында төрөлгөн.
Sputnik

Билими:

1982 — Воронеж мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн;

1998 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн;

1984-1986 — Сокулук районундагы "Народная трибуна" гезитинде кабарчы;

1987-1990 — Кыргыз телеграф агенттигинде (КирТАГ) кабарчы;

1990-1994 — "Труд" гезитинин (Москва ш.), Кыргызстандагы жеке кабарчысы;

1996 — КР өкмөтүнүн басма сөз кызматында референт;

1996-1998 — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

1999-2000 — Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвестиция жана экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин, донорлорду координациялоо башкармалыгынын башчысы;

2000-2001 — КР Каржы министирлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун жардамчысы;

2002 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси;

2002-2006 — КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Банктроттук иштер башкармалыгынын башчысы;

2006-2010 — "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;

2010-2012 — КР Мамлекеттик мүлк министиөрлигинин алдындагы Мүлктүк мамилелер департаментинин директору;

2014-2015 — "Тазажан" ЖЧКсынын коммерциялык директору;

2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болгон.

Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.