Айдаров Салайдин Абдираевич — өмүр баяны

Салайдин Айдаров 1969-жылы 17-июлда Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган
Sputnik

Билими:

1992 — Бишкек шаарынын К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтун аяктаган;

1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен "экономист-менеджер" кесибине ээ болгон;

1988-1989 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

Эмгек жолу:

1994-2004 — Мамлекеттик бажы кызматында ар кандай кызмат орундарын аркалаган;

2009-2010 — Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында төраганын биринчи орун басары;

2009 — Мамлекеттик бажы кызматына көп жыл эмгек өтөгөнүнө байланыштуу кызмат ордунан бошотулган;

2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутаты болуп келген.

Наамдары:

2007 — КР бажы кызматынын атайын генерал-майор наамын алган.

Үй-бүлөлүү, үч кыз жана эки уулдун атасы.