БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы Талас облусундагы административдик имаратын реконструкциялоо үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана оңдоо иштери үчүн 4 миллион 200 миң сом сарптоого даяр.
13-февралда жарыяланган тендердин мөөнөтү 7-мартта аяктайт.