Догоев Мамкаттоо жетекчилигинен эмнеге кеткенин түшүндүрдү

Догоев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө алдыда дагы мүмкүнчүлүк болоруна ишенерин билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган Дастан Догоев отставкага кетүүсүнө эмне себеп болгонун түшүндүрүп берди.

Курманбек Дыйканбаев президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды
Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн Догоевди өз эрки менен жазган арызынын негизинде кызматтан бошотту. 30 жаштагы Догоевдин ордуна Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Алина Шаикова ээлеген кызматынан бошотулуп, жетекчи болуп дайындалды

Догоев жеке шарттарына байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын белгиледи. Ошондой эле ал аткаруу бийлигинин өтө жоопкерчиликтүү кызматтарынын бирин жетектөөгө ишеним көрсөткөнү үчүн президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, соңку убактарда МКК жамаатынын эмгеги жана өнөктөштөр менен болгон кызматташтыктын арты менен чоң өзгөрүүлөр болгон. Алдыда дагы аткарыла турган көп жумуштар бар.

"Жаңыдан башталып жаткан долбоорлор иш жүзүнө ашарына ишенем. Мен жеке шарттарыма байланыштуу премьер-министрдин атына өз эрким менен кызматтан кетүүгө арыз жаздым. Ал муну түшүнүү менен кабыл алды. Келечекте дагы өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымымды кошуп иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенем", — деди Догоев.

Мындан сырткары, ал кесиптик ишмердүүлүгүн кызыктуу жана жемиштүү өткөрүүгө өбөлгө болгон МККнын жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.