Бутун чечпей үйгө кирип барган аткаминерлер соцтармакта сынга кабылды

Окуя Сапар Исаковдун Баткен облусуна болгон жумушчу сапары учурунда болгон
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Алга айылында төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алган.

Премьерди облус жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков коштоп барган.

Рабочая поездка Сапара Исаков в Баткенскую область

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан сүрөттө Мамытованын үйүнө келген Абиш Халмурзаев менен Жаныбек Исаков бутун чечпей жүргөнү даана көрүнөт. Ал эми Сапар Исаков бутун чечип-чечпегени байкалбайт. Бул учурда Мамытова балдары менен байпакчан мештин жанында турганын көрүүгө болот.

Баткен облусунун башчысы Халмурзаев үйгө эмнеге бут кийимчен киргенин айтты
Аткаминерлердин бул кылыгы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга кабылды. Алар сый-урмат көрсөтүп бутун чечип кирсе болмок деген пикирлерин жазышууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө учурда Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялап жатканы айтылат. Алардын эң кичүүсү 4 жашта. Күйөөсү 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө эки бөлмөлүү үй куруп берген.

Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

"Бут кийимин чечип киришсе болмок, же байпактары жыртыкпы?", —деп Жазгүля Туратбекова аттуу колонуучу жазды.

"Алардын буту жыттанып кеткенби, же байпагы жыртыкпы? Эмнеге бутун чечишкен эмес?", — деп Романов суроо салган.

Өкмөт башчы аймактарга болгон иш-сапарларынын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бөлөлөрдүн абалынан кабар алып келет. Буга чейин Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарында да жакыр жашагандар менен үйүнө барып жолуккан.