Радио

Примов: интернетте негизсиз сын айткандарга айып салуудан мурун талкуулаш керек

КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов аталган демилгени кылдат карап чыгуу керектигин айтты
Sputnik
Примов: интернетте негизсиз сын айткандарга айып салуудан мурун талкуулаш керек

Интернетте негизсиз сын айткандарга айып салуудан мурун талкуу уюштуруу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Улан Примов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, интернетте негизсиз сын айткандарга карата 20 миң сом айып салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.

"Бул мыйзам долбоору менен толук таанышып чыккан жокмун. Бирок мыйзам иштейби же иштебей калабы, аны да унутпашыбыз зарыл. Менимче коомчулук тараптан, бейөкмөт уюмдар тарабынан талкуу болуп, бир чечимге келүү керек. Ошондо туура болот. Бул мыйзам долбоорун кылдат карап чыгуу керек деп ойлойм", — деди Примов.

Эске сала кетсек, аталган демилгени КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев сунуштап, тармактык комитеттен колдоо тапкан.