Кызын көтөрүп бараткан келинди сүзгөн унаанын айдоочусу камакка алынды

Кырсык 9-февралда болгон. Келин ошол жерден мүрт кетсе, эки жашар кыздын буту кесилген
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кызын көтөрүп жолдон өтүп бараткан келинди коюп кеткен унаанын айдоочусу камакка алынганын Бишкек милициясы билдирди.

Аксыда мугалимдердин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы
Маалыматка ылайык, айдоочуга 281-берененин экинчи бөлүгү (жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу) боюнча айып тагылды.

Эскерте кетсек, кырсык 9-февраль күнү Элебесов менен Витебск көчөлөрүнүн кесилишинде түштө болгон. Түндүк тарапты көздөй бараткан Mercedes-Benz унаасы Toyota Funcargo менен кагышып, андан соң жол чийинден өтүп бараткан кызын көтөрүп бараткан аялды коюп кеткен. Келин эсине келбеген бойдон жан берсе, дарыгерлер ооруканага жеткирилген эки жашар наристенин бутун кесүүгө аргасыз болушкан.

Кырсык көзөмөл камерасына түшүп калган.