Баткен облусунун башчысы Халмурзаев үйгө эмнеге бут кийимчен киргенин айтты

Интернет колдонуучулар аткаминерлердин Кадамжайдагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн үйүнө бутун чечпей киргенин сынга алышкан
Sputnik

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев социалдык тармакта талкууга түшкөн сүрөт боюнча өз пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Чиновниктерге коюлган "дизлайк". Соцтармак кыргыз бийлигине кантип жол көрсөтөт
Белгилей кетсек, интернет колдонуучулар аткаминерлердин бутун чечпей аз камсыз болгон үй-бүлөнүн үйүнө киргенин сынга алышкан. Сүрөттө өкмөт башчы Сапар Исаков, облус башчысы Абиш Халмурзаев, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков тартылган. Халмурзаев менен район башчысы Исаков бутун чечпей үйгө кирип келгенин көрүүгө болот. Ал эми Сапар Исаковдун бут кийимин чечип-чечпегени сүрөттө көрүнбөйт.

Халмурзаев сүрөттө аталган үйдүн кире бериши экенин белгиледи.

"Биз өзүбүз жардам берип жатып, кантип бутубузду чечпей кирип бармак элек. Сүрөттө үйдүн кире бериши тартылган. Жерге атайын дорожка салынган болчу. Биз төшөктө эмес, ошол дорожканын четинде турабыз", — деди ал.

Эске салсак, премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна 13-февралда болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Алга айылында төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алган.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө учурда Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялап жатканы айтылат. Алардын эң кичүүсү 4 жашта. Күйөөсү 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө эки бөлмөлүү үй куруп берген.