"Аврора" пансионатында өрт чыкты. Сүрөт

Келтирилген чыгымдар такталууда
Sputnik

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылынын "Аврора" пансионатындагы коттеджден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрт тууралуу билдирүү тийиштүү кызматка 13-февралда саат 08:45те келип түшкөн.

1 / 3
Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылынын "Ысык-Көл" пансионатындагы коттеджден өрт чыкты.
2 / 3
Өрт тууралуу билдирүү тийиштүү кызматка 13-февралда саат 08:45те келип түшкөн.
3 / 3
Өрттү өчүрүү үчүн эки бөлүм тартылып, саат 9:45те толук өчүрүлгөн.

Өрттү өчүрүү үчүн эки бөлүм тартылып, саат 9:45те толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча өрт электр зымдарын туташтырууда өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан чыккан.

Келтирилген чыгымдар такталууда.